Ысык-Көлдө адамдардын жана унаа каражаттарынын кирип, чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилди

Өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын чечими менен дубанда адамдардын жана автоунаа каражаттарынын кирип, чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилди.

Аны менен бирге өтө зарылчылыгы жок болгон район, шаарлар аралык транспорттук каттамдар да убактылуу чектелет.

Өзгөчө кырдаал учурунда ооруканалар, дарыканалар, азык-түлүк сатуучу жайлар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана мамлекеттик мекемелер кадимки тартипте иштейт.

Учурда Ысык-Көл облусунун аймагынын кире беришинде күнү-түнү иштей турган 2 санитардык карантиндик көзөмөлдөө посту орнотулуп, анда дарыгерлер, ИИМ жана ӨКМнын облустагы башкармалыгынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер иш алып барууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kona8631
2020-03-22 20:46:34
Ошондо ысык кол таза область болуп чыкты да эээ..ошол жерге барсамбы керемет жер
0
make2
2020-03-22 22:04:34
Көлдө чоңдордун пансионаттары бар, сезон кележатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан