Дүйнөгө жайылып жаткан коронавирустун айынан 14 күндүк карантинде турган "Diamond Princess" аттуу япониялык круиздик лайнеринде коронавирус жуктургандардын арасында Кыргыз жараны бар экендигин чет элдик басылмалар жазып чыгышкан. Ал эми "Diamond Princess" аттуу япониялык круиздик лайнеринде коронавирус жуктуруп алган деген Кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык экенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.
"Япониянын компетенттүү органдарынын берген маалыматына ылайык, Кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык. Дене табы жок, дары-дармектер менен дарылоо жүргүзүлгөн жок. Бейтап атайын көзөмөлгө алынды. Кыргыз жаранынын айтуусунда, ал өзүн жакшы сезип жатат. Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы элчилиги, ал жактын Тышкы иштер министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрилиги менен байланышты туруктуу жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 18-февралда Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул тапта Японияда кармалып турган круиздик лайнердеги Кыргыз жараны менен байланышып, саламаттыгы, кемедеги жалпы абал тууралуу баарлашкан.
Кыргыз жараны аты-жөнүн айтуудан баш тарткан. Анын айтымында, бул лайнерде иштегенине төрт жылдын жүзү болгон. Ал эми вирус тууралуу алгач укканда эч ким дүрбөлөңгө түшкөн эмес.
"Көбүрөөк иштөөгө туура келерин түшүнүп турдук. Андан кийин даярдык көрүп, кеменин ичиндеги жүргүнчүлөр изоляцияланды. Текшерүүдөн өткөрүп, ага чейин ооруган бейтаптарды дароо госпиталга алып кетишти. Иштегендер да өз-өзүнчө бөлүнүп, ресторан менен рум-сервиз жана анда иштеген ашпозчулар эле калды.
Барган сайын официанттардын саны азая берди. Вирус жуктуруп алышы мүмкүн делгендерди алып кетип жатышты. Мен кемеден кетип кала алган жокмун, досторум, кесиптештеримдин бири да кеткен жок. Ушундай кыйын кырдаалда кантип басып кетет элек. Айтор, кете албай койдум. Жүргүнчүлөргө тамак ташып келип, алардын абалын көрүп жаттык, көпчүлүгүнүн ыйлаганына күбө болдук.
Ушунчалык боорум ооруду, бирок мен деле алар менен чогуу болчумун да. Капитаныбыз колдоо көрсөтүп, биздин эрдик жасап жатканыбызды айтып, биздин дарекке жолдонгон ыраазычылык каттарды окуп берип жатты. Мени Кыргыз өлкөсүнүн консулдугу издейт деп ойлобоптурмун, бирок таап, сүйлөшүп, мага колдоо көрсөтүп жатышат. Бардык эле жарандардын элчиликтери байланышка чыгып, жардам беришүүдө", - деп айтып берген мекендешибиз.