"Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов айрым шаарлардагы массалык каттоо тууралуу жана анын кесепети жөнүндө өз пикирин айтты.
- Парламенттик шайлоонун астындагы дагы бир аламан жарыш жергиликтүү кеңештерге шайлоо апрелде болгону турат. Сиздердин партиянын даярдыгы кандай?
- Бул "Замандаштын" биринчи шайлоосу эмес, буга чейин бир нече шайлоону башынан өткөргөн. Бирок жергиликтүү шайлоо өзгөчө болгону турат. Биринчиден, кымбат. Экинчиден, болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен коштолууда. Жарандарды ашыкча каттоо Ош шаарында 40 миңге жакын, Токмокто 7 миңден, Караколдо 3 миңден ашты. Парламент депутаттары "буга эч бир мыйзам менен бөгөт коё албайт экенбиз" деп айтып жатышат. Ошол эле учурда, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” жөнүндөгү мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө "шайлоочулардын тизмеси шайлоого чейин 60 календардык күндө бекип, илиниши керек" так жазылган. Ал эми, шайлоо күнү 12-апрелге бекип жатат. Демек, БШКнын токтомуна ылайык, шайлоочулардын тизмесин бекитүү 10 күнгө узартылды. БШКнын токтому менен “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” жөнүндө Конституциялык Мыйзамды жокко чыгарышты. Учуру келгенде укук талаасында жооптуу адамдар жооп берип калышы толук ыктымал.
Ошол эле Ош,Токмок, Караколду ала турган болсок, бир үйгө 1300 адамды каттап коюшкан деп БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова айтты. Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кызматкерлери үйлөрүнө 500-600 адамды каттап алган. БШК менен МКК ар бир жаран жүрүп-турганы эркин болуш керек деп айтып жатат. Ошол эле учурда Турак жай кодексине ылайык, ар бир каттоого турган жарандын турак жай аянты 12 чарчы метрден кем болбош керек. Бир үйдө мисалы 50 чарчы метр болсо, 1300 адамга бөлсөк, канчадан тийип калып жатат?
Үчүнчү маселе - бул март айынан тарта жалпы калктын санын тактоо кампаниясы башталат. Кантип каттайт? Айылдан келгендерди ошол мезгилде 12-апрелге чейин алар бир адамдын үйүндө катталган болсо, айылдан шаарга катталса, алар айылда жок шаардан чыгып калып жатпайбы. Кийин көчүп барса, алар жок болуп калып жатпайбы. Мына ушундай нонсенстер бар.
- Азыр бийликчил деп аталып жаткан партиялар да бул өтө туура эмес деп айтып жатышат. Оппозициялык партиялар дагы, нейтралдык партиялар дагы бул туура эмес дешүүдө. Муну ким жасап жатат? Же бардыгы биригип ушуга кызыкдарбы?
- Эң эле жөнөкөй жолу бул парламентте, бийликте отурган аткаминерлердин колу менен жасалып жатат. Анткени рычагы бар да. Кайсы бир партия шайлоого аттанса, ошол партиялардын төрагалары, өкүлдөрү же мүчөлөрү парламентте, бийликте болсо, мына ошолор жасап жатат да. Ал эми, парламентте кайсыл партиялар бар экенин айтпасак да белгилүү. Мен, сиз жасай албайбыз да муну. МККга жакын жолой албайбыз. Туура айттыңыз, айрым партиялар сайттарга чейин кайрылуу менен чыгып жатпайбы мына өздөрү жасап жатат да, эртең мына биз чыкканбыз деп айтканга. Анын баары ачыкка чыгат.
Бир коркунуч бар каттоодо. Ошол 1000 кишини бир үйгө каттап койду. Ошол каттаган үй ээсине эртеңки күнү айып пулдун баары келет, бардык коммуналдык кызмат акылар келет, бирөө ооруйт, бирөөнө справка керек, бирөө кредит алат, мына машакаттын баары ошол жерде жатат. Шайлоо бүтөт. 30 жылда канча шайлоону өткөрдүк. Шайлоонун эртеси да бар. Адамдарды ташып, айылдардан алып келип бардык чыгымды көтөрүп жатышат, паспортун алып акчасын берип жатат. Шайлоо бүткөндөн кийин ал партиялардын бирин дагы таппай калат. Ошол миң киши ошол үйдөн кантип чыгат, кайра каттого кантип отурат – бул чоң маселе.
Булак: Жалбырак ТВ