Өкмөт башчы жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдыруу боюнча сунуш бир аптадан кийин кырдаалга жараша кабыл алынарын айтты

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдыруу боюнча сунуштарды айтышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шайлоо күнүн башка убакытка жылдыруу чечими кырдаалга жараша бир аптадан кийин кабыл алынарын айтты. "Президент Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракция лидерлери менен жолугушту. Эл каттоону жылдыралы, бала бакчаларды убактылуу жабалы деген сунуштарды айттык. Ал эми шайлоо маселеси боюнча чечим бир аптанын ичинде кырдаалга жараша кабыл алынары айтылды", - дейт өкмөт башчы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан