Ошто 10, 20 жылдыктар 30-майдан кийин деле кече өткөрө алышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйын берип жатып айтты.
"Анткени бул иш-чаралар карантиндик талаптарга каршы келет. Ашыкча чыгым кылып, сый чайларды уюштурбаңыздар. Мисалы, Өзгөн районундагы Жазы айылында 20 жылдык бүтүрүүчүлөр айылга жол салууга салым кошот экен. Бул жакшы демилге. Өткөн жылы Кара-Кулжа районунда маараке ээлери 2 муктаж үй-бүлөгө үй куруп беришкен", - деп билдирди Жылкыбаев.