Орусияда акыркы бир суткада 5 миң 765 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, илдеттен бир суткада 77 адам каза болду. 3 миң 110 бейтап илдеттен айыгып чыкты. Коронавирус аталган өлкөнүн 83 аймагында аныкталды.
Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 812 миң 485ке жетти. Каза болгондордун жалпы саны 13 миң 269. Ал эми 600 миң 250 адам илдеттен айыгып чыккан.