Индиянын Одиша штатында салмагы 22 килограмм болгон 85 жаштагы бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бейтапты апрель айынын аягында ооруканага жаткырышкан. Дарыгерлер бейтаптын өнөкөт оорулары болбогондуктан, оору жеңил өткөнүн айтышкан. 12 күн дарыланган соң 85 жаштагы аял коронавирусту толугу менен жеңип, ооруканадан чыгарылган.