Бүгүн, 1-март күнү "Манас" эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында көзөмөл жүргүзгөн адистер үчүн симуляциялык окутуу болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аталган окуу коронавирус аныкталып калган учурда адистердин функционалдык милдеттерин, теориялык жана практикалык тажрыйбасын текшерүү үчүн уюштурулду. Бул экинчи окутуу, буга чейин мындай окутуу 2019-жылдын декабрь айында өткөрүлгөн. Окутууга санитардык-карантин пунктунун адистери, аба майданынын экипаж өкүлдөрү, чек ара кызматы, бажы кызматы, карантин жана өзгөчө оор инфекциялык республикалык борбордун, республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын медициналык кызматкерлери, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлдөрү катышты. Иш-чарага Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү катышты. Атайын адистер окутуу боюнча өз баасын беришет", - деп жазылат маалыматта.