Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов онлайн брифинг өткөрдү.
Анда ага "Жалал-Абад облусунда акыркы күндөрү коронавирус жуктуруп алган дарыгерлер көбөйүүдө. Алар дарыланууга кеткенде медицина кызматкерлеринин жетишсиздиктерин кандай жол менен толуктайсыздар?" деген суроо берилди.
"Бүгүнкү күндө 134 медицина кызматкерлери ооруп, андан айыгып чыккандар бар. Айыккандар өздөрүнүн жумуштарын улантып жатышат. Азыркы учурда медицина кызматкерлеринде жетишпестик бар деген туура эмес. Кырдаалга жараша дагы даярдап жатабыз. Башка жактарда же иштебей жүргөн медициналык билими бар адистердин тизмесин алып, кырдаал оорлосо аларды келишимдин негизинде ишке тартуу иштер жүргүзүлүүдө. Учурда дарыгерлер жетиштүү", - дейт ал.