Орусиядан келген медкызматкерлер өлкөнүн кайсы аймактарында иштеп жатканы белгилүү болду

Кыргыз өлкөсүнө жардам берүүгө келген орусиялык медициналык адистер аймактарда иштеп жатканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Адистердин 1 тобу Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, 1 тобу Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунда, 1 тобу Чүйдөгү Токмок аймактык ооруканасында жана 2 тобу Ош жана Жалал-Абад облустарына жөнөтүлдү. Алар өлкөдө бир айга жакын убакыт болуп, COVID-19 илдети менен ооругандарга жардам уюштурууга, "кызыл зонада" иштөөгө жана бейтаптарды дарылоодо практикалык жардам көрсөтүшөт", - дешти мекемеден.

24-июлда өлкөгө 50 медициналык адистен турган 5 топ келген. Алардын арасында хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, жугуштуу оорулар боюнча адистер, пульмонолог жана коронавирустук инфекциясы бар бейтаптарды дарылоодо көп жылдык тажрыйбасы бар башка адистердин бар экени кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан