Италиянын "Ювентус" клубунун 23 жашка чейинки футболчулары коронавируска шектелип, карантинге алынды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Ювентус" клубунун жаштар курамасы толук курамы менен карантинге алынган. Буга Италия чемпиондугундагы "Пьянезе" клубу менен болгон оюн себеп болгон. 23-февралда "Ювентус" клубу 1:0 эсебинде "Пьянезе" командасын жеңип алган. Оюндан кийин "Пьянезе" клубунун үч оюнчусунан жана бир кызматкеринен коронавирус белгиси аныкталган. Буга байланыштуу "Ювентус" клубунун жаштар курамасы машыгууларын токтотуп, толук курамы менен карантинге алынган. Азырынча бул командадагы футболчулардан коронавирустун белгилери аныктала элек.