Акыркы маалыматка караганда, 23 депутат коронавируска кабылганы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар спикердин жардамчысы Абдолреза Месриге таянып жазып чыгышты.
Месринин айтымында, коронавирус 23 депутатка жукканына карабай палата ишмердүүлүгүн уланта берет. Болгону, ал депутаттарды эл менен байланышты чектөөгө чакырды.
Белгилей кетсек, буга чейин вирустун кесепетинен Ирандын Ватикандагы мурунку элчиси
Хади Хосрошахи каза болгону, андан кийин
4 депутат вируска кабылганы аныкталган. Кечээ, 2-мартта дагы бир аткаминер
Мохаммад Мирмохаммади каза болгону билинди. Ал эми жалпы алганда Иранда вирус аныкталган 19-февралдан тартып 1 501 адам ооруп, алардын 66сы каза болгон. Ал эми 291 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.