
АКШнын Киркланд шаарындагы карылар үйүндө 30дан ашуун адам коронавирус менен жабыркап жатканы аныкталды. Бул тууралуу "Life Care Center" карылар үйүнүн өкүлү америкалык телеканалдардын биринде айткан.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, карылар үйүндөгү 50 адам коронавируска медициналык тест тапшырып, алардын 31нен вирустун белгилери аныкталган. Бүгүнкү күнгө чейин аталган карылар үйүндөгү 19 адам коронавирустан каза болду деп айтылат маалыматта.
"Life Care Center" карылар үйүндө 120 киши болгон.
Өлкө боюнча статистиканы алсак, АКШда коронавирусту 738 адам жуктуруп алса, 22 адам каза болду.