Коронавирус пандемиясы. Тууну кайтарган бет капчан аскерлер, карантинди уруп ойнобой сейилдеген аялдар (фото)
Коронавирус эпидемиясы Кыргыз өлкөсүнө кулач жайып баратканына байланыштуу 25-марттан тартып Бишкек шаарына, Ош шаарына жана Ноокат, Кара-Суу райондоруна, Жалал-Абад шаарына жана Сузак районунун аймагына өзгөчө абал режими киргизилген. Кырдаалга ылайык, Бишкек шаарында коомдук транспорттор токтотулуп, жарандар көчөгө зарыл жумушу жок чыкпоо керектиги мыйзам күчүнө киргенинен тартып күнүнө бир нече ирет айтылып келет. SUPER.KG Бишкектин борбордук көчөлөрүнө барып, айрымдар дагы деле кырдаалдын курч экенин түшүнө электигине күбө болду.
Демейде унаалар тыгын болуп турган көчөлөр азыр бош.Коркунучтуу тасмалардагыдай. Бул оюнчукту унутуп кеткенби, шашып калтырып кеткенби, айтор, оюнчук ээн жерде жалгызсырап ээсин күтүп турат.Жадакалса тууну кайтарган аскерлер эрежени сактап, бет капчан турушат.Кайдыгерлик... Канча күндөн бери көчөгө чыкпагыла деп эскертүү берилип жатат. Элге үлгү болчу апалар "коронавирусту урганым жок" дегенсип сейил бакта сырдашып отурушат.Токтогул көчөсү менен Абдрахманов (Советская) көчөлөрүнүн кесилишине коюлган тосмо. Уруксат кагазга кезек күткөн жарандар дагы деле көп.
Эн негизгиси! Жан дуйно тазаланып жатат аба тазаланып жатат,бала чакага меерим тарбия,уй було бири бирибиздин кадырыбызды билип калдыко дейм аз да болсо,буга чеин только жумушум,убактым жок шашып жатам деген бизге как привычка болуп калды эле,тим эле время деньги деп жатып калганбыз,бул да болсо сыноо Алладан келген сабыр кылайлы,тообо кылайлы туугандар.