Коронавирус Казакстанда. Жуктургандардын бири аял, бири эркек экендиги белгилүү болду

Бүгүн, 13-мартта Казакстанда эки жаран коронавирус менен жабыркап жатканы маалымдалды. Жабыркагандардын бири 9-мартта, экинчиси 12-мартта Германиядан келишкен. Бул тууралуу казак басылмалары өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртановго шилтеме берүү менен жазышууда.

"Коронавирусту жуктуруп алгандардын аты-жөнү айтылбайт. Вирус жуктуруп алган жаран менен өлкөгө келген 73 жүргүнчүнүн аты-жөнү такталып, учурда алардын жүргөн жерин аныктап, карантинге алуу иштери жүргүзүлүп жатат. Жүргүнчүлөр коронавирус менен жабыркашпайт. Ал эми 12-мартта келген жаран менен чогуу 12 жүргүнчү келген. Алардын баары тең карантинге алынды", - дейт министр.

Учурда коронавирус менен жабыркагандардын абалы жакшы экени айтылат маалыматта.

Кечээ, 12-мартта Казакстанда бир катар коомдук жайлар убактылуу жабылып, 15-марттан тарта колледждер жана жогорку окуу жайлар онлайн окууга өтөрү маалымдалган.

Буга чейин Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин коронавирус 11-16-март аралыгында Казакстанда катталышы мүмкүн деп билдирген эле. Бул билдирүүдөн кийин Елжан Биртанов "Башкы санитардык дарыгердин айтканы статистикалык моделдөө аркылуу жасалган божомол гана" деп жооткоткон комментарий берген болчу.

Алматы шаары менен Бишкек шаарынын аралыгы 240 чакырым аралыкты түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AksyKum
2020-03-13 16:04:52
Саламаттыкты сактоо минстири кутуп жаткан конок келиптирда
-1
Bars88
2020-03-13 16:17:42
Ушундай кооптуу учурларда саякаттабай эле кысып журушпойбу.
0
pero5184
2020-03-14 00:07:11
Конок дебей тооба келтиргиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан