COVID-19 илдетинин экинчи толкунуна жеке коргонуу каражаттарын, реактивдер, тест-системдер жана дарыгер-бактериологдорду даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 3 жаңы оорукананын курулуш иштери жүргүзүлүп, 8 медициналык жай профилин өзгөрттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда берилген суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Министрдин маалыматына ылайык, курч респиратордук вирустук инфекциялардын этиологиясын өз убагында аныктоо үчүн коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын вирусологиялык лабораторияларына реактив жана тест-системдерин сатып алуу үчүн билдирүүлөр даярдалды.
Коомдук саламаттыкты сактоонун 1 миң 500 адисине инфекциянын очокторунда 6 ай иштөөсү үчүн керектүү болгон жеке коргонуучу каражаттар, дезинфекциялык каражаттар, антисептиктер эсептелип чыккан. Учурда сатып алуу боюнча иш-чаралар жүрүүдө. Мындан тышкары сасык тумоону жана COVID-19 илдетин ПЦР-изилдөө менен диагностикалоо үчүн 15 дарыгер-бактериолог окуудан өттү.