Сузак районунун акими: "Умрадан келген 3 жаран жашаган эки айыл карантинге алынды"

Бүгүн, 18-март күнү умрадан келген Жалал-Абад облусунун 3 жаранынан коронавирус аныкталганы маалым болду. 3 жаран тууралуу кененирээк маалыматты Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Коронавирус катталган 3 жаран Благовещенка жана Бостон айылынын тургундары. Алар умра сапарынан келгенде кабар алганы тууган, тааныштары келген. Коронавирус аныкталган жарандар ким менен байланышкан болсо, ал адамдар карантинге киргизилет. Учурда эки айыл тең карантин жарыяланып, ал жакка кирип-чыккан адамдар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Массалык түрдө дезинфекция иштери жүргүзүлөт. Ал эми айыл тургундары үй карантинине алынат. Аларга керектүү нерселерди Жарандык коргоо комиссиясы жеткирип берет".

Сузак акими коронавирус окуясы боюнча айылга карантин жарыяланганын айтты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2020-03-18 11:21:56
Ажы той деп дүңгүрөтүп эл чакырып баарына жугузду ажыга жарышып барып жатышат куран окушту билбегени деле акчаң көп болсо колунда жокторго жардам бер көпүрө,жол кур ажың ошол жерден деле кабыл болот.
+5
aydinnur
2020-03-18 11:27:43
Эки айыл дегени эмнеси,бутундой областты карантинге алыш керек го..Алты кундон бери канча киши менен учурашты экен?Той да берип ийгенге жетишиптир..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан