Бүгүн, 18-мартта Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктуруу фактысы катталганына байланыштуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Өкмөт үйүндө маалымат жыйын берди.
Жыйында Абдрахманов өлкөдө оор кырдаал болуп жатканына карабастан, фейк маалымат көп тарап жатканын айтты.
"Биз фейк маалыматтарга көп убакыт коротууга мажбур болуп жатабыз. Учурдагы кырдаалга байланыштуу көп иш-чаралар аткарылыш керек. Бирок айрым маалыматтарды текшерүүгө дагы күч жумшоого туура келүүдө", - дейт Абдрахманов.