Баткен облусунда COVID-19 илдетинен жабыркагандардын саны 10 эсеге азайды

Баткен облусунда коронавирус инфекциясы менен ооруган жарандардын саны акыркы аптада 10 эсеге азайды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Баткен облусунда COVID-19 илдети менен күрөшүү аракеттери күчөтүлгөн. Октябрь айында илдет күнүнө 100дөн ашуун жарандан аныкталып жатса, акыркы аптада жабыркагандардын саны 10 эсеге азая баштаган. Жер-жерлерде ооруган бейтаптар катуу көзөмөлгө алынып, оорунун жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу чаралары көрүлгөн.

"Ушул жылдын 23-октябрына карата облус боюнча коронавирустан жабыркагандар боюнча 113 учур катталса, бүгүн, 23-ноябрга карата илдет 8 жарандан аныкталды. Айыккандардын саны 70 адам. Акыркы 8 күндө коронавирустан каза болгон учурлар катталган жок. Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын саны октябрь айында 390го жеткен болсо, учурда ооруканада 172 бейтап дарыланууда. Баткен облусунда бүгүнкү күнгө чейин 6 миң 537 адам коронавирус менен ооруган болсо, анын 5 миң 497си айыгып чыкты. Ооруну жуктурган жарандардын 84,1 пайызы айыкты. Учурда оор абалдагы бейтаптардын да саны азайууда. Өткөн аптада 8 адам оор абалда болгон болсо, ушул тапта 3 бейтаптын абалы оор", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан