Ош шаарындагы борбордук базарга ун жеткирилип, шаардын 4 жайында ун сатыла турган болду

Ош шаарындагы борбордук базарга ун жеткирилип, шаардын 4 жайында ун сатыла турган болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ун сатып алууга кезек күткөндөр менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Мэр унга болгон муктаждык болбой турганын билдирди. Шаарда унга болгон баа туруктуу сакталып, “Тулпар” ун комбинатында 1 кап ун 1350 сомдон сатылууда. Аталган комбинатка калаа башчысы өзү барып, борбордук базарда 30 тонна ун сатууга жеткирилди.

Ун базарда 1350 сомдон ун сатылуу колго алынып, көзөмөл кылуу биринчи вице-мэр Саибжан Турдуевге жүктөлдү. Эртең, 19-марттан тарта Ош шаарынын кире бериши болгон Фуркат айылында, Кулатов кичи районунда жана борбордук базарда ун сатуу жайлар иштей баштайт. Бүгүн “Тулпар” ун комбинатына 150 тонна ун, 350 тонна буудай келди. Жакынкы күндөрү 650 тонна буудай, 150 тонна ун келет. Заводдо да ун чыгаруу иштери жүрүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
senchi
2020-03-18 22:27:20
Кийинки президент ушул болуш керек элдин маселесин ордунда бутурот. Азаматсыз рахмат элди ойлогонунуз учун.
+6
aybek88
2020-03-18 22:38:57
senchi,Озун пиар кылганды жакшы корот. Зонтикти озу кармабай тургандале гап бар эле
+9
Mina24
2020-03-18 22:32:48
Мен да колдойм ушул кишини
-1
Flowhive
2020-03-18 23:16:28
Паспорт менен гана берүү керек
+1
bessmertiy
2020-03-19 10:54:32
Эркекче иштейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан