Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков кан басымы кескин жогорулап, учурда бейтапканада жатат. Анын ден соолугунан кабатырланып байланышканыбызда, абалы тууралуу ал төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Гипертониялык криз болуп ооруканага түшүп калдым. Бейтапканада жатканыма эртең 2 күн болот. Кан басымым өтө жогору болуп жаткандыктан жана ден соолугума байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздым. Азырынча чечим чыкканы белгилүү боло элек", - деди ал.
Бүгүн, 1-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинен Космосбек Чолпонбаев бошотулуп, анын ордуна Сабиржан Абдикаримов дайындалды.