Кытайдын Ухан аймагынан чыккан дарыгер коронавирустан каза болду. Ал 4 айдан ашык убакыттан бери бул илдеттен дарыланып жаткан. Бейтаптын боору коронавирустан улам жабыркап, анын кесепетинен бейтаптын терисинин өңү карайып кеткен. Чет элдик маалымат каражаттарынын жазганына ылайык, дарыгер Ху Вэйфэнден коронавирус инфекциясы ушул жылдын январь айында тастыкталган.
Дарыгердин абалы март айында жакшырып, жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылып, жалпы палатага которулган. 22-апрелде бейтап инсультка кабылып, ал эми бир айдан кийин экинчи ирет инсульт алган. Коронавирус инфекциясынан улам бир катар оорулары курчуп кеткен дарыгер 2-июнда кайтыш болот.
Ху Вэйфэн Ухандын борбордук ооруканасында иштеген. Муну менен аталган оорукананын 6 кызматкери коронавирустан каза болду деп айтылат маалыматта.
Буга чейин интернетке коронавируска кабылган эки кызматкердин териси карайып кеткени тууралуу маалыматтар, сүрөттөр тарап кеткен. Алардын бири Ху Вэйфэн болчу. Кийинчерээк бейтаптардын терисинин карайып кетүүсү коронавирустун организмге тарап, боорду жабыркатуусунан улам гормоналдык баланстын бузулуусу менен түшүндүрүлгөн.