Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы дагы 540 миңден ашуун доза вакцина келет. Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, Sinopharm вакцинасынын 500 миң дозасы Кытайдын гуманитардык жардамы. Ал эми калган 40 миң дозадан ашуун вакцина COVAX программасынын алкагында берилип жатат.
Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.
"Сүйлөшүүдө Ду Дэвэнь Кытай өлкөсү Кыргыз мамлекетине 500 доза Sinopharm вакцинасын жардам иретинде берүү чечимин кабыл алганын белгиледи. Мындан тышкары 40 миң дозадан ашык вакцинаны COVAX программасынын алкагында берүүгө даярдыгын айтты.
Жылдыз Бакашова көрсөтүлүп жаткан жардамдар эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана жакшы ымаланын дагы бир ачык далили экенин билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Кытайдан 300 миң доза Sinopharm вакцинасы гуманитардык жардам иретинде келип, эмдөөдө колдонулууда.