УКМК жалган маалыматтарды тараткандарга карата катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМК коронавирустун таралышы боюнча маалыматтардын фонунда фейк маалыматтарын тараткан тараптарды аныктоо, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүдө.
"Түшүндүрүү-профилактикалык иштер укук коргоо жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте өткөрүлүп жатат. Азыркы тапта республикада кырдаал стабилдүү. Базарлар жана соода түйүндөрү өз нугунда иштеп жатат. Коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, бардык суроолорго жооп берүүгө даяр. УКМК жалган маалыматтарды жана башка ушул багыттагы материалдарды тараткандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет", - деп жазылат маалыматта.