Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко өлкө ичинде коронавирустун 1-курмандыгы Эмгек сиңирген артист, белгилүү актёр Виктор Дашкевич болгонун айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Аялынын, кызынын ден соолугу жакшы. Ал эми актёр өзү пневмония менен ооруканага жаткырылган. Дарыгерлердин жасаган аракетине карабай ал жарык дүйнө менен кош айтышты", - деп билдирген Лукашенко.
Буга чейин өлкө башчысы "эгерде өлкө жарандары Пасхага (провославдардын майрамы) чейин эпидемияга туруштук берсе анда "жашап кетебиз" деп билдирген. Муну менен бирге эле президент пандемияга карабай пландалган иш тартибин өзгөртпөй турганын жана 9-майда Москвага келе турганын билдирген.
Азыркы тапта аталган өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 152 адам.