"Бет капка ушунча кезек күтүү болот деп ким ойлоптур?". Бишкектеги абал

Капсалаңга салган коронавирус дүйнөнү дүрбөткөнүн токтото элек. Кытайдан чыккан вирус азыркы тапта дүйнөнүн 160ка чукул мамлекетин өз кучагына алды. Эсепке кирген мамлекеттердин арасында Кыргыз өлкөсү дагы бар. Аты жаман вирустун өлкөдө катталганы анык болгондон кийин шаардагы дарыканаларга каттап, андан бет кап, антисептикалык каражаттарды жана вируска каршы дары-дармектерди алгандардын саны көбөйдү. Буга байланыштуу жарандар арасында дарыканаларда коргонуучу каражаттар жетиштүү элеби деген суроо жаралды. Министрлик медициналык бет каптар жана антисептикалык каражаттар жетиштүү деген маалымат бергенине карабастан, Бишкек шаарындагы дарыканалардын көпчүлүгүндө бүгүн керектүү медициналык каражаттар жок болуп жатат.

Биз дарыканаларга барганыбызда, анда керектүү каражатын алууга келип, кезек күтүп турган жарандардын көп болуп жатканына күбө болдук. Дарыкана кызматкерлеринин айтымында, бет кап сураган жарандардын саны көп болгондуктан, алар "бет кап жок" деген табличкалардын илип коюшкан.

Кечээ, 19-мартта Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйын берген. Анда ал медициналык кызматкерлер тарабынан коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон бардык жарандарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканын жана мындан ары жарандарга бет кап 3 даанадан паспорт менен гана бериле турганын билдирген.

Биз бул айтылган пикир кээ бир дарыканаларда аткарылып жаткан болсо, кээ биринде аткарылбай жатканына күбө болдук. Атүгүл кээ бир жарандар бул айтылган пикирге нааразы. Камерага сүйлөп бергиси келбеген жаран ага 3 даана эмес, андан көп даанадагы бет кап керек экенин жана ага 3 даанадан ашык бет кап берилбей жатканын айтып, нааразы.

Ал эми Гүлзат Өзүбекова аттуу жаран дарыканаларда бет кап жок экенин олуттуу маселе катары көрбөйт. Анткени ал эки күн мурун дарыканаларды түрө кыдырып, бет кап тапкан эмес. Мындан улам ал үйдөн эле бет кап тигүүнү чечкен.

"Эки күн мурун дарыканаларды кыдырып, бет кап таппай убара болдум. Бир дарыканада бар экен, ал дагы 30 сом экен. Мындан улам мен өзүмө, балдарыма жана туугандарыма өзүм эле үйдөн бет кап тигүүнү туура көрдүм", - дейт ал.

Бул боюнча кечээ, 19-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймагында бет каптын жетишпей жатканы чындык экенин дагы билдирип өткөн.

Кененирээк видеорепортаждан көрүңүз.

Бишкекте бет кап алууга шашылган узун кезек орун алды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nukeww
2020-03-20 10:36:02
Паспортсуз да бербей жатабы?
+1
maks94.kb
2020-03-20 10:56:24
Элдер паника кылбай. Бир кун албай койсо эле оздору кайра катып койгон маскасын сатыка чыгараттар
+3
Saidochka
2020-03-20 13:55:53
Жаман чоң проблемага айлантпай үйдөн тигип алып, жууп, дезинфекциялап колдонсо болот го.мамлекет камсыз кылышы керек деп эле отура бербестен, баарыбыз өзүбүз үчүн өзүбүз да аракет кылсак жеңе биз туугандар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан