Бүгүн, 20-мартта Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев онлайн маалымат жыйын өткөрүүдө.
Министр өлкөдөгү жана дүйнөдөгү абал тууралуу кыскача маалымат берүү менен журналисттер тарабынан алдын ала кат түрүндө жиберилген суроолорго жооп берүүдө.
Министр Египеттен келе албай жаткан жарандар тууралуу маалымат берди.
"Бизде бир катар жарандарыбыз Египеттен Алматы аркылуу келет деген маалымат болгон. Биз ага даяр болчубуз. Бирок эртең мененки маалымат боюнча Египеттен Алматыга биздин жарандар учуп келбептир. Андыктан биз аларды кабыл ала элекпиз", - деди министр.
Кечээ, 19-мартта ырчы Дайыр Исмадияров Египеттин аэропортунан каттоодон өтө албай жатканын билдирип, "Бизди Казакстандын авиакомпаниясы кабыл албай жатат" деген.