Тажикстанда дүйшөмбү күнү кечки убакытка карата коронавирус илдетине кабылгандар 230га өстү. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ооругандардын үчөө каза болду.
Маалыматка ылайык, 230 бейтаптын 110у Дүйшөнбү шаарында, калганы Согдий, Хатлон облустарында жана ар кайсы райондордо катталган.