Англиянын "Арсенал" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу, испаниялык 37 жаштагы Микель Артета өзүн мурунку калыбындай эле сезип калды. Бул тууралуу аталган клубдун сайтына жарыяланды.
"Клубдун бардык футболчулары жана машыктыруучулары үйлөрүндө жалгыз кармалууда. Алардын арасында башкы машыктыруучубуз Микель дагы бар. Биз кубануу менен билдиребиз, Микель азыр өзүн мурункудан да жакшы сезип калды жана маанайы дагы абдан жакшы. Ал азыркы убакта өзүнүн жардамчылары менен алдыдагы оюндар тууралуу план түзүп жатат жана футболчулар менен сүйлөшүп жатат", - деп жазып калтырган клубдун басма сөз кызматы.
Буга чейин "Арсенал" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу коронавирус жуктуруп алгандыгы жазылган.