Бүгүн, 22-мартка карата өлкөдө коронавирусту жаңы жуктуруп алган жаран катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда вирус жуктургандардын саны 14 (6 эркек, 8 аял).
Баткен району – 1 адам; Сузак району – 8 адам; Ноокат району – 3 адам; Бишкек шаарында – 2 адам.
Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө.
Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны - 2 628 адам.
Азыркы учурда инфекциянын чордондорунда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чаралар уланууда.