Депутат мурдагы саламаттыкты сактоо министринин жоопкерчилигин кароо керектигин айтты

Депутат Каныбек Иманалиев мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жоопкерчилигин кароо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Эл өкүлү мурунку министрин коронавирустун жайылып кетүүсүнө жол бергени үчүн жоопкерчиликке тартуу керектигин белгиледи.

"Коронавирустун жайылып кетүүсүнө жол бергендерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарыл. Бул боюнча прокуратура иликтесин, иштесин. Бул кийинки министрлерге, орун басарларына да сабак болушу керек", - дейт ал.

Учурда Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан