Коронавирустан дагы 3 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каза болгондор эмдөө албагандар. Жалпы коронавирустан 2 миң 715 адам каза болгон.
Стационарда 560 жана амбулатордук түрдө 661 адам дарыланып жатат.