Казакстанда аскерге чакырылган жарандар коронавируска текшерилет

Казакстанда аскер кызматын өтөөгө чакырылган жарандар милдеттүү түрдө коронавирус инфекциясына тест тапшырышы керек. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Буга чейин өлкө башчысы Касым-Жоомарт Токаев жазгы чакырылыштын аяктоо мөөнөтүн июнь айынан август айына чейин жылдыруу тууралуу буйрук чыгарган.
"Жергиликтүү бийлик органдары аскер кызматын өтөө үчүн чакырыла турган жарандарга ПЦР-тест жүргүзүүсү зарыл. Ошондой эле жарандарды аскерге чакырууда жана аларды чогултууда бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталуусун камсыздоого тийиш. Аскерге чакыруунун жанданышы өлкө жай турмушка кайтып келе баштагандыгынан кабар берет", - деп жазылган маалыматта.
Расмий маалыматтарга ылайык, Казак өлкөсүндө жалпы 3 миң 900 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 27 адам көз жумган. Ал эми карантиндин убактысы 11-майга чейин узартылган.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан