Жаңы аныкталган 26 адам төмөндөгү район, шаарлардын аймактарында аныкталган. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Алар:
Сузак районунда – 9;
Ала-Бука районунда – 2;
Ош шаары – 1;
Кара-Суу районунда – 8;
Ноокат районунда – 6.
Бардыгы болуп Ош облусунда – 15 адам, буга чейинки катталгандар менен 20 киши, Жалал-Абад облусунда – 11 адам, буга чейинки катталгандар менен 19 киши. Андан тышкары Баткен облусунда 1 адам жана Бишкек шаарында 2 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алган дагы 26 адам катталды. Мындан улам Кыргыз өлкөсүндө жалпы 42 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды.