Өткөн аптада Түркиядан 211 жаран өлкөгө учуп келген. "Алар үй карантинге жөнөтүлүптүр, үйдө карантин эрежелерин сактап жатышат деп ким кепилдик бере алат?".
Мындай суроо саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевге берилди. Үсөнбаев алар адегенде "Ак-Кеме" мейманканасына обсервацияга жайгаштырылганын, баарынын анкеталары толтурулуп, анализ-тесттер алынганын белгиледи.
"Биз алардын баарынан анализдерди алдык. Аты-жөнү тизмектелип, анкеталары толтурулду. Андан кийин анализдер алынды. Шек жаралбаган, үйүндө карантиндик шартты аткарганга мүмкүнчүлүгү барлар үйгө чыгарылды. Кээ бир жарандар Түркияда бөйрөгүнө операция жасатып келе жатышкан экен, кээ бирлери дарыланып келе жаткан, бул жагдайлар эске алынып, үй карантинге чыгарылган", - деди ал.
Учурда Түркия оору көп жайылган он өлкөнүн катарында турат. 20-апрелде бул өлкөдө оору жугузгандардын саны 90 миңге жакындаган.