Кремль парадга катышуудан баш тартканы үчүн Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди

Орусия Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековго анын делегациясынын мүчөлөрүнүн арасында коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин Жеңиш парадына катышпоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирет. Бул тууралуу Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков жергиликтүү басылмаларга билдирген.

"Биз мындай чечими үчүн Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдиребиз", - деген Песков.

Анын айтымында, Жээнбеков парадга катышкан ардагерлердин жана башка өлкөнүн президенттеринин ден соолугуна коркунуч жаралбашы үчүн ушундай чечимди кабыл алган.

23-июнда Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында өтүүчү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Жеңиш парадына катышуу үчүн Москвага учуп кеткен. Бирок президентти коштоп барган адамдардын экөөнөн коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин Сооронбай Жээнбеков парадга катышпоо чечимин кабыл алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
ZUXRIDDIN20
2020-06-25 18:50:37
Атайын эле кино койушкан окшойт. Киного катышканыдыгы үчүн ыраазычылык билдирген чамамда.
-1
assanov97
2020-06-25 19:04:24
Соронавирус
-13
TalaCSKA
2020-06-25 19:12:20
Саткынды достойный адамдардын арасына олтургузгусу келбей калп эле окоондо вирус бар экен деп койсо керек тем более Парад победы болуп атса.согуш учурунда саткындарды сразу атып салышчу экен.
-5
AksyKum
2020-06-26 13:41:39
TalaCSKA,Батукаевдикин жалагыча алкашты сатканы артык
+8
Sakura715
2020-06-25 19:27:56
Жооштон жоон чыгат деген ушул го, башында келгенде аябай мактадынар эле копту умуттонуп...
-18
bond02
2020-06-25 19:56:37
Сценарий кучтуу го.
-11
Adi010891
2020-06-25 20:56:08
Соронавирустун саткындыгын эстеп кетишкенго, жакын досун саткан неме, бизди жыргатмак беле деп
-3
bond0202
2020-06-25 21:50:00
иттер уро берет,Жээнбеков алга!
-2
KAYRATBEK
2020-06-26 01:53:01
Оз президентин сыйлабаган калк омуру жарыбайт,омуру жыргабайт. Жакшы созунор жокпу демек унчукпагыла. Кыяматта тилдин азабын тартасынар
+23
oscar
2020-06-26 12:19:16
KAYRATBEK, президент элди сыйлаш керек наоборот
-6
Zhiidegul_Abdinazarova
2020-06-26 13:38:04
oscar,элди сыйлаган ушунчалык болот да. Негизи биздин эл шүгүр кылганды такыр билбейбиз
+7
Serenada
2020-06-26 14:29:35
KAYRATBEK,сөзүңө кошулам Кыргыз эли пейилибиз оңолмойунча элибиз эч качан өнүкпөйт акылдуу даже тамак жебеген адамды алып келип презинт кылып койсок да.

+4
Attila88
2020-06-26 02:41:25
Соке ордунду МАДУМАРОВ ко бошотуп берсен жакшы болмок. Абийирин минус ноль болду го. Губернатор болгондо ошту жыргатпаган Кыргызстанда сазга батырдын.
-4
Tiken
2020-06-26 11:42:23
Attila88,Мадумаровдун бир нерсени кыйратканын омуру коро элекмин... Кезинде олкодо экинчи адам болуп турган ошондо неге кыйратпады экен ээ??? Тил берекесин берген ал кишиге,
+14
Arstan18.18
2020-06-26 03:04:06
Блин неге жакын досун саткан дейсинер? Атамбаев камала турган кишида карагылачы Кытайдан эле канча млрд карыз кылып салды тушуносунорбу?
+8
Kuban-1207
2020-06-26 16:14:07
Айла жок айткан менен сөз жетпейт тил кыска
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан