АКШ жана Канададан окуучу, студенттер мекенине кайтарылды

Кыргыз өлкөсүнө АКШ жана Канададан 146 адам атайын каттам менен келишти. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бүгүн, 23-май күнү атайын каттам менен АКШда окуган 109 окуучу, 37 студент, ошондой эле АКШ жана Канаданын ар кайсы шаарында жашаган Кыргыз жарандары Бишкекке учуп келишти.

Окуучулар менен студенттер FLEX, International Student Exchange, North West Student Exchange, Fullbright жана башка программа менен ар кайсы шаарларда окушат. Коронавирус пандемиясынан улам көпчүлүк өлкөлөрдө окуу жайлары карантинге жабылып, коммерциялык каттамдар токтотулганына байланыштуу АКШ жана Канадада билим алган жаштар аларды мекенге кайтаруу боюнча жардам сурап кайрылышкан.

Бүгүн жалпы 146 жаран кайтарылды. Алардын арасында улгайгандар жана ден соолугу начар адамдар да бар.

FLEX программасы менен окугандарды мекенине кайтаруу АКШнын Бишкектеги элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Вашингтондогу өлкөнүн элчилиги, америкалык эл аралык билим берүү кеңешмесинин жардамы менен бекер ишке ашырылды.

Жүргүнчүлөр Бишкекке келери менен тесттен өтүп, карантинге алынат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан