Баткен облусунда калкты коронавируска каршы эмдөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев жыйындан соң ар бир мекеме-ишканалардын жетекчилерин баш болуп илдетке каршы эмдөөдөн өтүү үчүн облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна баштап барды.
"Андан соң Covid-19 илдетине каршы эмдөөгө облус башчысы жубайы менен биргеликте катышып, элди вакцинациядан өтүүгө чакырды", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө Баткен облусуна Covid-19 илдетине каршы эмдөөгө Синофарм вакцинасынын 40 миң дозасы келип, облус аймагындагы район, шаарларга жеткирилген. Алдыда этап-этабы менен илдетке каршы вакцинациянын дозасы алынып келүүсү күтүлүүдө.