Түркиядан келе албай жаткан "Шайыр апалар" Кыргыз өлкөсүнө келип, обсервацияга алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына долбоордун мүчөсү Кеңешкан айым билдирди.
"Кечээ Түркиядан кечки саат 19:00дө учканбыз, таңга маал мекенибизге аман-эсен келип алдык. Биз менен чогуу башка мекендештерибиз да келди. Жалпы 220дан ашык адам болдук. "Манас" аэропортуна келерибиз менен ар бирибизди тепловизор менен текшерип, мазок алышты. Баарыбызды автобустар менен "Ак-Кеме" мейманканасына алып барып жайгаштырышты. Келерибиз менен коронавируска тест алышты, аны эртең чыгат деп жатышат. Бул жакта шарт жакшы, тамак-аш берилип, дарыгерлер карап жатышат. Арабызда өзүн жаман сезген, коронавируска шектүүлөр деле жоктой. Толук жыйынтыгын тесттин жообу чыкканда билебиз", - дейт "Шайыр апалар" долбоорунун мүчөсү Кеңешкан айым.
Эске салсак, буга чейин Түркиянын Анталия шаарына "Ак элечек айымдар аалам кыдырат" долбоору менен 63 аялдан турган "Шайыр апалар" долбоору барып, аба каттамдары жабылганына байланыштуу мекенине кайта албай калышканы тууралуу жазылган.