Бишкек, Ош жана Ат-Башы аймактарында коронавирус жуктургандар көп чыгып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Өкмөт үйүндө өтүп жаткан онлайн жыйында айтты.
"Биз ар бир оору жуктурган адам менен байланышта болгон жарандарды 24 саат аралыгында таап, анализдери алынууда. Учурда Талас жана Ысык-Көл облусунда абал жакшы сакталып жатат. Ал эми Бишкек, Ош жана Нарын облустарында вирус жуктургандар көп болууда", - деди Боронов.