Москвада 10 миң кыргыз жумушсуз калды деген маалымат тараткан "Миграцияны өнүктүрүү" коомунун ишмердүүлүгү текшерилүүдө

Орусиядагы "РОД" укук коргоо борбору Москва облусунда жана Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнөн барган 10 миң мигрант жумушсуз, акчасыз калганын "Миграцияны өнүктүрүү" фондуна таянуу менен жазып чыккан.

Анда Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болгон эмгек мигранттары ижара акысы арзан болгон хостелдерге жайгаша башташканы жана "Миграцияны өнүктүрүү" фонду 1 миң 100 мекендештерге жардам бергени айтылган.

Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги SUPER.KG порталына төмөндөгүдөй маалымат берди.

"Бул чындыкка дал келбеген маалымат. Учурда ал текшерилип жатат. Ошону менен бирге "Миграцияны өнүктүрүү" коомунун ишмердүүлүгү да текшерилүүдө. Элчилик консулдук кызматтагылар менен бирге мекендештерге колдон келишинче жардам берүүгө аракет жасап жатат", - дейт элчиликтин маалымат кызматынын өкүлү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
gitaris93
2020-04-19 08:55:03
Ушул сөздү жаттап алдыңар го чындыка дал келбейт дегенден башка билбейсиңер. Көпчүлүк басымдуу бөлүгү кафе ресторандарда иштейт баары жабылган по факты эсептеп келсе 10 миңден көп адам жумушсуз калды. Элчиликтин жоюп таштаса жакшы болмок иштебеген элчиликтин кереги жок. Буга чейин да иштебеген мындан кида иштебейт.
+15
bek-94
2020-04-19 10:00:52
Чын эле жумушсуз эле биздин эле квда 11 адам иши жоок жатат эч кандай жардам жоок кызылдай эле калп
+10
bond02
2020-04-19 10:12:29
Чындыкка дал эле келет, азыр 90% кыргыз жумушу жок жатат.
+8
Sabway
2020-04-19 12:17:37
10 миң киши бери эле жагы да, аз дегенде 100 миң киши жумушсуз отурат да, биздин үйдө эле 7 адамдын 5и бош отуруп калдык. Жөн эле сүйлөй беришет да.
+10
bekbol2006
2020-04-19 12:40:05
10минден коп болсо керек бир квартирада беш Адам ишсиз калды
+6
nurbek11
2020-04-19 13:16:52
Туугандар бираз Сабыр кылайлы. Бул маселе буткул дуйнолук маселе болуп турат. Бардык жерде абал ушундай. Баары мактаган Европа мындан да жаман абалда. Келгиле туугандар Сабыр кылып Аллаадан сурап дуа кылып турайлы. Элчилик да бийлик да даже Путинда жардам бере албайт.
+2
make2
2020-04-19 13:25:26
Менин ондон ашык тааныштарымдан бирөөсү эле пекарныйда иштеп жатат, калганы баары жумушу жок калды келе албай жатышат.
+5
ABAkg86
2020-04-19 13:38:57
Москвада кыргызтандык 90-95% мигрант жумушсуз калды. Ар кимисинин жок дегенде 1 айлык акысын ишкана бербей койду. "Карантин бутсо, ишкана иштеп кетсе анан беребиз" деп жатышат.
+6
Nemo_0587
2020-04-20 03:35:07
Москвада канча кыргыз болсо ошолордун токсон пайызы жумушсуз калды. Иш алып барып жатабыз деген элчилик бир нерсени жептир. Бул жактагы жарандардан уга элекмин али элчилик жардам берди же бир көйгөйдү чечип берди дегенин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан