Бүгүн, 15-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн маалымат жыйын берип жатып сутка ичинде катталган тартип бузууларга токтолду.
"Өткөн суткада Жалал-Абад облусу боюнча 34 кылмыш иши катталды. Анын ичинен Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча 6, Жалал-Абад шаары боюнча 2 жана Сузак району боюнча 4.
Ал эми коменданттык сааттын эрежелерин бузган 11 жаранга мыйзамдын негизинде протокол түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Ал эми 92 унаа айып короосуна киргизилди. Учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу", - деп билдирди Жоробеков.