Индияда жаңы төрөлгөн ымыркайга коронавирустун атынан ысым ыйгарылды

Индияда жаңы төрөлгөн ымыркайга коронавирустун атынан ысым ыйгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта жазылгандай, Индиянын Уттар Прадеш штатындагы Сойора айылында ата-энеси дүйнө жүзүнө тарап жаткан коронавирус пандемиясы учурунда жарыкка келген кызына Корона деген ысым ыйгарышкан. Мындай өзгөчө ысымды кыздын ата-энеси элдин биримдик жана ынтымак менен бул вирусту жеңүүнүн символу болсун деп ниет кылышкан. Бул идеяны үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары колдошкон. Алар коронавирус көптөгөн адамдардын өмүрүн алып жатканы менен дүйнө элин ага каршы күрөшүү үчүн бириктирди деп айтышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rususu
2020-03-26 10:58:49
Асан эсен чонойо бер кичинекей наристе
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан