Ысык-Көлдө жүргүнчү ташыган унаалар каттамга чыгардан 1 саат мурун дезинфекцияланууда

Ысык-Көлдө жүргүнчү ташыган коомдук транспорттор каттамга чыгардан 1 саат мурун дезинфекцияланууда. Ошондой эле коронавирусту алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын облустук ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы билдирди.

"Автобекеттерде жана жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтүүчү мекемелерде профилактикалык иштерди санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери менен облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшүүдө. Алар жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын салондорун гипохлорит кальций аралашмасы менен тазалап жатышат. Мындан тышкары айдоочуларга коомдук транспорттордун салондорун таза кармоо жана санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындай иш-чаралардын өткөрүлүшүнүн башкы максаты - коронавирусту алдын алуу жана жүргүнчүлөрдүн ден соолугуна кам көрүү", - дейт мекеменин маалымат катчысы.

Ысык-Көлдө коомдук транспортторду дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан