Алматы менен Нур-Султан шаарларында жарандардын 3 кишиден ашык болуп топтолуусуна тыюу салынат

Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларына кошумча чектөөлөр киргизилет. Мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык, аталган эки шаарда 3 кишиден ашык адамдын топтолуп жүрүүсүнө тыюу салынат.

Комиссиянын карантиндин шарттарын күчөтүү максатында кабыл алып жаткан кошумча чечимдери 28-мартка караган түнү күчүнө кирет. Кошумча чектөө киргизүү коронавируска чалдыккандардын санынын өсүшүнө байланыштуу кабыл алынды.

  • Адамдардын үйдөн чыгуусу азык-түлүк алуу, дары-дармектерди алуу жана жумушка баруу максатында болушу керек. Андан тышкаркы учурда чыгууга тыюу салынат;
  • Сейил бактар, жөө адамдар үчүн көчөлөр, оюн аянтчалары жана башка эл эс алуу үчүн топтолгон жерлердин баарын жабуу;
  • Коомдук транспорттордун каттамын токтотуу (коомдук транспорттор линиядан кыскартылып, саат 19:00гө чейин каттап жаткан);
  • Көчөдө же коомдук жайларда адамдардын 3 кишиден көп болуп жүрүүсүнө тыюу салуу (бир үй-бүлө мүчөлөрү болсо бул чектөө коюлбайт);
  • Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жалгыз жүрүүсүнө тыюу салуу (чоңдордун кароосунда гана сыртка чыкканга уруксат берилет).

Казакстанда коронавирус менен 109 адам жабыркап, 2 жаран сакайды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан