Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 32 жаштагы кызматкери пневмониядан каза болду

Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 32 жаштагы кызматкери Чыңгызбек Оморов пневмониядан каза болду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

"Чыңгызбек Оморов элибиздин коопсуздугу үчүн ак кызматын өтөп жатып, коркунучтуу илдеттен улам 32 жашында каза болду. Мындай кызматкерди жоготуу анын жакындары жана кесиптештери үчүн аябай оор сокку болду. Кесиптешибиз Чыңгызбектин жаркын элеси түбөлүккө анын жакындарынын, кесиптештеринин эсинде сакталып кала берет. Мындан улам Ош ШИИБи Чыңгызбек Оморовдун туугандарына көңүл айтат", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Beck_13
2020-07-19 15:20:21
Жакшы бала, жакшы дос эле. Жаткан жери жайлуу болсун.
+4
mateus
2020-07-19 20:50:21
Жаш эле экен, өнөкөт оорусу бар болгон окшойт. Жаткан жери жайлуу болсун ((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан