"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 89 миллионго жакын адам жуктуруп алды

Бүгүн, 9-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 88 миллион 859 миң 245 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 49 миллион 394 миң 472 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 913 миң 379 адам илдеттен каза болгон.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 21 миллион 862 миң 771 болду. 368 миң 773 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 37 миң 398 адамдан аныкталды. 150 миң 570 адам каза болсо, 10 миллион 16 миң 859 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 8 миллион 13 миң 708 адам вируска кабылган. 201 миң 460 бейтап көз жумса, 7 миллион 136 миң 817 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан