Ыкчам IT штаб түзүлдү. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, IT коомчулугу менен биргеликте коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын ишин колдоп, ыкчам IT штаб түзүүнү демилгеледи.
Ыкчам IT штаб өлкөдөгү кырдаалдын жакшырышына өбөлгө түзгөн тез жана иштиктүү ар кандай IT чечимдерди жаратууда өкмөткө колдон келишинче жардамын берет.
Ошондой эле социалдык демилгелерди көтөргөн жеке түзүмдөр менен уюмдарга дагы көмөктөшөт.