Москвада 30-марттан тартып бардык жашоочулар үчүн жаш курагына карабай үйдөн чыкпай, изоляцияда болуу талабы киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэр Сергей Собяниндин буйругу чыкты.
Ал эми шаардан сыртка чыгуу же кирүүгө чектөө болбойт. Кайрылууда техникалык, уюштуруу иш-чараларын жүргүзгөндөн кийин жашоочуларга атайын өткөрмө барагы менен гана чыгууга уруксат берилери айтылат.
Эске салсак, буга чейин Москва шаарынын мэриясы коронавирустун айынан жумушун жоготкон шаар тургундарына айына 19 миң 500 рубль төлөп берери жазылган.
29-мартка карата маалыматка ылайык, Москвада вирус менен жабыркагандардын саны 1014 болгон.