Москвада коронавирустан жабыркаган 90 жаштагы жаран каза болду

Москвадагы ооруканалардын биринде коронавирус менен жабыркап жаткан бейтап каза болду. Аталган шаардын коронавирус боюнча ыкчам штабынын маалыматына ылайык, маркум 90 жашта болгон.

Маалыматка ылайык, каза болгон жаран өнөкөт оорулар, тагыраагы, мээге кандын жетпеши, неврологиялык оору жана мээнин ткандарынын жабыркашы менен ооруп келген.

Ыкчам штаб өзүн-өзү изоляцияга алган адамдардын арасында өнөкөт оорулары барларга кайрылып, өзгөчө режимди сактоого чакырат.

Бүгүнкү күнгө карата Орусияда коронавирустан каза болгондордун саны 8ге жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан